Чүй облусунда дрон аркылуу жол эрежесин бузгандар аныкталып, эки саатка жетпей жалпы 30 протокол түзүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, жол-унаа кырсыктардын алдын алуу жана санын азайтуу, ошондой эле адам өлүмү менен коштолгон оор кесепеттерди кыскартуу максатында дрон менен байкоо жүргүзүү программасы ишке кирди.