Ак-Талаа; Катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү

turmush
Скачать
Просмотров: 88
 
Опубликовано 23 Июля 2024, 19:36

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың жана Жерге-Тал айылдарынын чөлкөмүндө сел жүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бүгүн 23-июль күнү болжол менен саат 17:30 - 18:00 дөрдө катуу жааган жамгырдан улам Чолок-Кайың айылынын Карды-Жарык чөлкөмүндө сел жүрүп, бир нече гектар аянт дан эгиндерин каптап жана бооланган чөптөрдү сел агызып кеткендиги маалым болду.

Мындан тышкары, Чолок-Кайың айылы менен Жерге-Тал айылынын ортосундагы Акылбектин-Сайы чөлкөмүндө сел жүрүп, аталган сайдан сел суусу ашып, Баетов - Кош-Дөбө унаа жолун каптап, унаалар өтө албай калгандыгы кабарланды.

Ошондой эле, катуу жааган жамгырдан улам Баетов айылынын көчөлөрүндө дагы кыян суулар акты.