Ак-Талаа: Орто-Сыртта тыгылган, жыгылган унаалар

turmush
Скачать
Просмотров: 1081
 
Опубликовано 22 Июля 2024, 15:36

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын тургундары Орто-Сырт жайлоосунун жолдорунун начардыгынан нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аталган жайлоонун Кемеге, Талаа-Булак, Кулак чөлкөмүнүн, Көк-Жар сайынын, Ак-Бейит чөлкөмүнүн нары жагы жана "Турук" көмүр кенин көздөй барчу Туура-Суу чөлкөмүнүн жолдорунан жаан-чачын учурунда унаалар жүрө албай, тыгылып, айрым унаалар жыгылып, жолду оңдоого бийлик тарабынан жардам болбой жаткандыгын айтышып нааразы болушууда.

"Орто-Сырттагы жолдор таптакыр болбой калды. Унаалар жүрө албайт. Унаалар тыгылып, айрымдары тайгаланып жыгылып жатышат. Жайлоого каттагандар кыйналып бүтүштү. Бизге көңүл буруп койгон жан жок. Өткөндө "Турук" көмүр кенине барчу жолду сүрдүрүшкөн экен. Ал жолдун топурагы жаан-чачын учурунда буламыктай эле эзилип калды. Райондук бийлик, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү бир басып барышкан жок. Кыйналып эле жолдо жүрөбүз. Андай топурак баскан жолдорго шагыл төгүп, түздөп берип коюшпайбы. Туура-Суунун жолун көмүр ташыган чоң унаалар талкалап салды. Көмүр казган ишканаларга деле жасаттырып берип коюшпайбы. Бул жолдор буга чейин бир аз жакшы болчу. Жамгыр жаап, кыян суулар каптап, ал аз келгенсип көмүр тарткан унаалар талкалап салып, ушул акыбалга келбедиби. Шагыл төгүлбөсө, сүрдүрүлбөсө ушул да. Азабын эл тартып жатабыз. Элге деле бир аз аз шарт түзүп берүүлөрү керек да", - дешти жергиликтүү тургундар.

Ал эми "Баетов таза аймак" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Медер Асаналы уулу ал жолдорду оңдоп чыгууга ишкананын алы жетпесин айтты.

"Туура. Жолдор болбой калды. Ал жолдордун жайытка тиешелүүсү дагы бар, жол чарба башкармалыгына дагы тиешелүү жолдор бар. Биз жайыт комитети жасайлы десек, ал жолдорго көптөгөн акча сарпталат. Бизде андай акча жок. Жайыттан акча бир учурда эле түшө калбайт да. Кыскасы, ал жолдорду жасатууга жалгыз жайыт комитетинин күчү жетпейт. Бийлик тарабынан дагы колдоолор керек", - деди ал.

--
Отправлено из Mail.ru для Android