Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз жолдун жээгинде соода-сатык жүргүзүп, анын ичинен күйүүчү май саткандарга чара көрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Жол тескөөчүлөр тарабынан 10-17-июнь күндөрү «Сода-сатык» аталышындагы рейддик иш-чара өтүүдө. Рейддин максаты жол жээктерин иретке келтирүү болуп саналат.