Бүгүн, 15-июнда Чүй облусунун Панфилов районунда эл аралык «Алыкул фест» арт-фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Акын Алыкул Осмоновго арналган эл аралык фестиваль анын кичи мекени Каптал-Арык айылындагы А.Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплексинин аянтында уюштурулду. Иш-чарага республиканын бардык аймагынан акын-жазуучулар, сүрөтчүлөр, скульпторлор, обончу аткаруучулар, кол өнөрчүлөр жана Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Каракалпакстандан маданият кызматкерлери жана коомдук ишкерлер катышууда.