Жалал-Абад шаарында тез жардам унаасына жол бербеген айдоочуларга 110 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн башчысы Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, эми «Маяк» аталышындагы рейддик иш-чара аптасына эки ирет өткөрүлүп турат.