Ак-Талаа; Тоголок Молдо айыл элинин айтып бүтпөс арманы

turmush
Скачать
Просмотров: 919
 
Опубликовано 11 Июня 2024, 18:19

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылында ашар ыкмасы менен башталган таза суу тартуу иштери нааразычылык жаратты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Тоголок Молдо (азыркы Кара-Ой) айылында таза суу тартыштыгынан улам жергиликтүү жашоочулар арыктан аккан агын суулардан жана айыл сыртындагы булактардан суу ташып ичип келишкен. Айылдагы таза суу көйгөйүн чечүү максатында 2022-жылы элдик марафондор өткөрүлүп, андан сырткары айылдын ар бир түтүнү 10 миң сомдон акча чогултуп, Чоң-Боор-Албас чөлкөмүндөгү Ичке-Булактан айылдын башындагы суу топтолуучу жайга бери деген 10 чакырым аралыктан таза суу алып келүү аракети ашар ыкмасы менен башталган. Таза суу тартып берүү үчүн "Алай таза суу" жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүлгөн. Долбоордун жалпы наркы 7 млн сомду түзгөн.

Ошол кездеги айылдык кеңештин төрагасы Бекназар Абдыласов таза суу тартуу жумуштарынын акчасы чогулбай, карыз болуп калгандарын айтты.

"2022-жылы аталган айылдын айылдык кеңешинин төрагасы болуп турган учурда айылдын жашоочулары, ошол кездеги айыл өкмөт башчысы Эркинбек Сатаров менен биргеликте ашар жолу менен айылга таза суу тартуу иштерин баштаганбыз.  "Алай таза суу" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Муса Жаназаков менен келишим түзүлгөн. Бул долбоордун жалпы наркы 7 млн сомду түзүп, ал үчүн элдик марафон уюштуруп, элден 3 млн 800 миң сом акча чогулган. Чогулган 3 млн 800 миң сомду аталган коомго которуп бергенбиз. Ошентип, 2022-жылы май айында иш башталган. "Алай таза суу" жоопкерчилиги чектелген коому таза тартуу, суу түтүктөрүн орнотуу жана суу топтоочу жайды оңдоо иштерин, ал эми айыл өкмөт суу түтүктөрү жайгаша турчу жерди казуу жана көмүү иштерин мойнуна алган. Акча каражатыбыз жетишпегендиктен 2022-жылы сентябрь айында айыл аксакалы Алишер Казиев атаны алып, экөөбүз Кыргыз Республикасынын президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эргешов Алтынбек Калдаровичке жардам сурап кайрылганыбызда, ал киши 2 млн сом акча чечип берем деген. Бирок, чечип бере алган жок. Дегеле, жергиликтүү бийлик тарабынан бир дагы колдоо көрсөтүлгөн жок. Ошентип, суу түтүктөрүн жайгаштырууга жер казылып бүтүп, "Алай таза суу" жоопкерчилиги чектелген коому өңү кара суу түтүктөрүн алып келген. Бирок, ал "таза суу түтүгү эмес" деп эл чырдаганда, кайрадан алып кетип, көк өңдөгү түтүктөрдү алып келип жайгаштырган. Ал эми түтүктөрдү кайра көмүү иштери айыл өкмөттүн мойнунда болчу. Ал иштерди мен өз чөнтөгүмдөн 200 миң сомго карыз болуп башка техника жалдап, алымдын жетишинче көмдүргөм. Бирок, суу түтүктөрү кабышып, жамгыр жааган учурда ылай суу кошо келип калган. Муну көргөн эл "ылай суу үчүн акча чогултуп бермек белек" дешип, калган акчаны чогултпай коюшкан. Бүгүнкү күндө "Алай таза суу" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Муса Жаназаков 4 млн 200 миң сомду "тууму менен кошо төлөйсүңөр" деп бизди сотко берүүдө. Элден акча чогулбай жатканынан өзүмдүн абалы эски "Ауди" унаамды, ага кошуп 1 баш торпогумду сатып дагы акча бердим. Ошентип, таза суу тартуу иштери толук аягына чыкпай, 200 дөй түтүн эл акчасын бербей же жергиликтүү бийлик тарабынан жардам болбой, ортодо биз кыйналып жүрөбүз", - деди Б.Абдыласов.

Ал эми "Алай таза суу" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Муса Жаназаков ортодо 7 млн 13 миң 920 сомдун жумушун аткарып бергендигин айтты.

"Мен 7 млн 13 миң 920 сомдун жумушун аткарып бердим. Мунун ичинде 9 километр 50 метр аралыкка суу түтүктөрүн алып келүү, орнотуу, суу топтолуучу жайды оңдоо иштери болчу. Бул иштерди аткарып бердим. Жерди казуу жана көмүү иштерин өздөрү аткармак. Суу түтүктөрү орнотулуп, суу топтоочу жай курулгандан кийин келишим түзүлгөн. Келишимде алар мага 7 млн 200 миң сом төлөп беребиз дешкен. Алар мага болгону 3 млн 4 миң 700 сом акча которушуп, 4 млн 9 миң 220 сомум калган.  Ушул калган акчамды келишимде 2023-жылдын 4-сентябрь айынан баштап күнүнө 0.1 пайыз туум төлөшмөк. Бүгүнкү күндө алар мага 6 млн 669 миң 791 сом карыз. Жаңы келген айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев мени чакыртып "каптажды жасап берсең калган акчаңды элден чогултуп берем" деген. Мен 400 миң сомдук ишти аткарып бергем. Бирок, ал "300 миң сом беребиз, башка акча жок" деп койгон. Мен суу топтоочу жайды Нарын таза суу департаментинин айтканындай жасаганмын. Алар "суу топтоочу жайды ай сайын тазалашсын" деген, бирок тазалоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Ал эми "ылай суу чыгып калды" деген сөздөрү жөн эле шылтоо. Өздөрү көрсөтүп берген жерден баштап суу тартып келип бергенмин. Анан, быйыл "1 млн 700 сом берели, сотко бергенди токтот" деп айтты. Мындан тышкары, өткөн жылы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев келип "таза сууңарга" деп 500 миң сом бериптир. Ал акчадан деле дайын жок. Ортодон суу топтоочу жайды оңдоого деп мен Бекке (Бекназар Абдыласов) акча таштап кетем. Ал жерди оңдоого айылдын улакчы жигиттери иштейт. Улакчыларды эл "силер кымбат иштеп жатасыңар, иштебейсиңер" деп жолотпой коюшса, улакчылар Бекти "сен бизди коргобой койдуң" деп, элден акча чогултууга бут тосушкан да. Ошондуктан улам, мурунку айылдык кеңештин төрагасы Бекназар Абдыласовдун, мурунку өкмөт башчысы Эркинбек Сатаровдун, азыркы айыл өкмөт башчысынын жана улакчы балдардын үстүнөн сотко кайрылып жатам", - деди М.Жаназаков.

Ал эми айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев берген акчага суу түтүктөрү алынганын айтты.

"Бул иш мен келе электе кыргызынча башталган иш экен. Мындай иштерди баштардан мурун долбоорлоо документтерин даярдап, атайын эксперттердин көрсөтмөсү менен башталыш керек эле да. Келген кезде бир канча километр аралыктагы суу түтүктөрү көмүлбөй жатыптыр. Аларды көмдүрттүм. Атайын адис алдыртып келип, жасалган жумуштарды бир сыйра каратып, чала жасалган жумуштарды кайрадан жасаттырдым. "Алай таза суу" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Муса Жаназаковго "пенясын кошпоңуз, калган жасаган иштериңиздин акчасын чогултуп берейин" десем, ал киши "пенясы менен кошо бересиң, болбосо албайм" деп койду. Ал эми, өткөн жылы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев келген учурда, ал кишиге жергиликтүү жашоочулар таза суу түтүктөрүн алуу үчүн жардам сурап кайрылышкан. Ал киши мыйзамдын жолу менен 500 миң сом акча чечип берген. Ал акчага таза суу түтүктөрүн алуу үчүн тендер жарыяланып, тендерде утуучу аныкталып, таза суу түтүктөрү алынып келинген. Таза суу түтүктөрү Кара-Ой айылында кампада сакталып турат. Сот иштери бүтсө, таза суу тартуу иштеринин калган жумуштарын жасайбыз", - деди А.Абдылдаев.

Эске сала кетсек, аталган айылда 1970-жылдары таза суу тутуму курулган экен. Башкы суу топтолуучу жайы Бото-Аяр деген жерде. Таза суу бир күндө 2-3 саат убакыт гана чыгып, андан кийин чыкпай калат. Таза суунун тартыштыгынан улам жашоочулар айыл четиндеги булактардан автоунаалар, шайтан араба, ат-эшектер менен суу ташып ичүүгө аргасыз болуп келишкет. Бул көйгөй боюнча тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө бир нече кат-кайрылуулар жөнөтүлгөн менен натыйжа чыккан эмес. Айылда 3290 калк жашайт.


--
Отправлено из Mail.ru для Android