Кадамжайда ашар жолу менен 6 чакырымдан суу алынып келинди

turmush
Скачать
Просмотров: 250
 
Опубликовано 11 Июня 2024, 12:04

Кадамжайда ашар жолу менен 6 чакырымдан суу алынып келинди

Кадамжай районунун
Орозбеков айыл өкмөтүнүн Тамаша, Кароот, Жалгыз-Булак айылынын тургундары 6 чакырым алыстыктан арык, чаап суу алып келишти. Жергиликтүү тургундардын айтымында аталган аймакта агын дарыя жок болгондуктан, тоодогу булактардын көзүн чогултуп, бир нукка салышып айылга суу алып келишет. Келген сууну сугат суусу жана ичимдик суусу катары пайдаланышат. Жыл сайын суу буруп келерден мурун аталган айылдын тургундары чогулуп, мал союп түлөө өткөрүп, ашар ишин башташат. Аткени булактардын көзүн ар жыл сайын тазалап, толуп калган арыктарды ачып, жалпы 6 чакырымдай аралыктан суу айдап келишет.