Ак-Талаа; Үч-Алыш суу каналынын курулушу кызуу уланууда

turmush
Скачать
Просмотров: 235
 
Опубликовано 10 Июня 2024, 14:49

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Ак-Чий айылынын Майыстан чөлкөмүндө суу каналдын курулушу кызуу уланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Жаман-Даван дарыясынан Кара-Бүргөн, Ак-Чий айылынын дыйкандарына сугат суусу агып баруучу 3,5 чакырым узундуктагы Үч-Алыш суу каналы курулушу кызуу уланууда. Каналдын жалпы наркы 19 млн 220 миң сомду түзөт. Курулушу иштери чарбалык ыкма менен курула тургандыктан 10 млн 730 миң сомго курулары пландалууда. Канал курулуп бүтсө бери дегенде 350 гектар жер сугат суу менен камсыздалат жана 150 гектар жердин жаңы өздөштүрүлөрү күтүлүүдө. Учурда, бери дегенде 300 метрге чукул канал курулуп бүткөндүгү маалым болду.

Каналды куруу иштерине Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын жана Кара-Бүргөн айыл аймагынын "Кадаң-Майстан" муниципалдык ишканасынын техникалары, ошондой эле, 150 жумушчу күчү тартылган.