Бишкек шаарында «Түрк дүйнөсүнүн аялдар ааламы» сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Анда түрк элдеринин «генетикалык эс-тутумун» камтыган жана ар кандай стилистикада аткарылган жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган эмгектер коюлду.
Иш-чара түрк тилдүү өлкөлөрдөгү сүрөтчү аялдардын башын бириктирип, чыгармачыл потенциалын көрсөтүп, алардын чыгармачыл баарлашуусу үчүн туруктуу платформа куруу максатын көздөйт.