Кочкор районундагы мергенчилер бир айдын ичинде малчылардын тынчын алган эки карышкырды жок кылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Карышкыр Арсы, Кара-Тоо, Семиз-Бел айылдарынын малчыларынын тынчын алып, талаадан коюн, жылкысын жеп келген. Түнкүсүн короого чейин кирип келип, коюн жегендиктен малчылар мергенчилерге кайрылышкан.