Ноокат РИИБдин өздүк курамы "Ай гай" салып, күжүрмөн даярдыгы текшерилди

turmush
Скачать
Просмотров: 6523
 
Опубликовано 22 Мая 2024, 10:59

Ушул жылдын 21-май күнү саат 07:00дө Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы жана ардагерлер “Ай гай” белгиси менен түп көтөрүлүп, катарга тизилишти. Анда бөлүмдүн жетекчилиги тарабынан кызматкерлердин белгиленген тапшырмаларды аткарууга күжүрмөн даярдыгы жана талаа капка салынган тийиштүү боюмдар текшерилди.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, андан ары Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Ноокат-Ош авто жолу менен аскердик жөө жүрүш жасашып, тоо бооруна “Кыргыз милициясына 100 жыл” жазуусун таш менен терип чыгышты.