Ак-Талаа; Кош-Дөбө айылынын жашоочулары нааразы болуп, өлкө башчысына кайрылуу жасашты

turmush
Скачать
Просмотров: 4
 
Опубликовано 20 Мая 2024, 13:04

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылынын жашоочулары нааразычылык билдирип, өлкө башчысына кайрылуу жасашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 19-май күнү аталган айыл аймакка караштуу Кош-Дөбө айылынын жашоочулары чогулуп, Кош-Дөбө айылын Ала-Буга айыл аймагынан бөлүп, өзүнчө айыл өкмөт кылып түзүүнү суранышып, өлкө башчысы Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.

"Биз мамлекеттик реформаны дайыма колдойбуз жана колдоп келгенбиз. Бирок, айыл аймактарды ирилештирүү реформасында Кош-Дөбө айылы өнүкпөй эле, кайра артка кетип жатабыз. Сайларыбызды суу жеп жатат, жазгы айдап-себүү өнөктүгү, малдарды жайлоого кетирүү иштери кечеңдеп жатат. Биздин айыл райондун борборунан 90 чакырым алыстыкта, ал эми Ала-Буга айыл өкмөтүнүн административдик борборунан 45 чакырым алыстыкта жайгашканбыз. Бизге эч ким келбей, каралбай калып кеттик. Ошондуктан, бизди мурункудай эле өзүнчө айыл өкмөт кылып калтырууну өтүнөбүз", - дешти чогулгандар.

Бул боюнча акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров нааразы болгон тараптар менен жолугушкандыгын айтты.

"Туура. Бул боюнча мен жана айыл өкмөт башчы экөөбүз элге барып жолугуп, суроо-талап арын уктук. Алар "өзүнчө айыл өкмөт кылып калтыруу" талабын билдиришти. Мыйзам чегинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылдык. Бирок, чогулган эл "бул маселени сиздер чече албайсыздар, биз жогору жакка кайрылып жатабыз" дешти", - деди У.Жылтыров.

Эске сала кетсек, Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Чолок-Кайың жана Коңорчок айылы биригип Ала-Буга айыл аймагы болуп түзүлүп, административдик борбору Чолок-Кайың айылы бекиген.