Айдоого укугу жок бүтүрүүчүлөргө автоунаа берүүгө тыюу салынат

turmush
Скачать
Просмотров: 11980
 
Опубликовано 10 Мая 2024, 09:55

Жакында, 25-майда Кыргызстандагы мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өтөт. Буга байланыштуу, Ош шаардык милициянын кайгуул кызмат бөлүмү бүтүрүүчүлөрдүн жолдогу коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарына кабылууларын алдын алуу максатында ата-энелерге, унааны ижарага берген ишкерлерге кайрылып, аларга унааны бербөө керектигин эскертет. Айдоого укугу жок бүтүрүүчүлөргө автоунаа берүүгө тыюу салынат. Анткени, анын кесепетинен өспүрүмдөр да жаракат алган учурлар болгон. Анын ичинен оор жана өтө оор кесепеттер менен коштолгон фактылар да катталган.