: «Сулайман-Тоого кечинде чыгууга болбойт»: Жарандар кош стандарттуулук үчүн музей жетекчилигине нааразы

turmush
Скачать
Просмотров: 30
 
Опубликовано 8 Мая 2024, 11:53

Ушул жылдын март айында Сулайман-Тоонун аймагына кечки 19:00дөн киийн чыгууга тыюу салынган. Мындай чечимди «Сулайман-Тоо» улуттук тархыйы-археологиялык музей комлекси чыгарган. Коплекстин жетекчилиги бул чечимдин себебин вандализм көбөйүп, тоого таштанды көп ташталганы үчүн чыгарганын билдирди.

Деген менен кечээ, 7-май күнү 19:00дө Ош шаарынын тургуну Рахмидин Алимкулов Бишкектен келген достору менен тоого чыгууга барып, бирок, кире албай кайтышкан. Ошол эле кезде комплексин күзөтчүлөрү аларды киргизбей койгону менен башка жарандарды киргизип жиберген. Күөтчүлөр аларды ар дайым Сулайман-Тоого чуркап машыккан спортчулар экенин белгилеген.