Сузак районунда уруп-сабоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Сузак РИИБге 1975-жылы туулган Б.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2024-жылы 15-январь күнү сырттан тааныш болгон бала пикир келиспештиктен улам уруп-сабагандыгын айткан. Натыйжада Б.Б. денесинен алган жараатынан улам Сузак райондук ооруканасына жаткырылган.
Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, арыз ээси анча оор эмес дене жараат алгандыгы аныкталган.
Бул факт Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.