Түптөгү бала бакчадагы окуя талкууга кабылды

turmush
Скачать
Просмотров: 37828
 
Опубликовано 16 Марта 2024, 12:18

Социалдык тармактарда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы бала бакчада тартылган видео тарап, талкууга алынып жатат.

Видео «Алдаяр ата» бала бакчасында тартылган. Андан балдар уктап жатканда керебетте эркек киши асма дары (капельница) алып жатса, дагы бир керебетте аял киши кирпик коштуруп жатканын көрүүгө болот. 

Бул окуя боюнча Түп райондук билим берүү бөлүмүнөн Turmush басылмасына комментарий беришти.

«Видео Ой-Тал айылындагы бала бакчада тартылган. Жумуш учурунда тарбиячы жана тарбиянын жардамчысы бала бакчаны сулуулук салону кылганы туура эмес. Ал эми асма дары тамчылатып куйган медайым айыл тургунуна жардам бергени жакшы, бирок капельница коюуга угугу жок болчу. Эми бул боюнча протокол түзүлүп, чара көрүлөт», - деп айтылат маалыматта.