Ак-Талаа; "Малыбызды эмес, мал ууруларды таап,жазасын бергиле"

turmush
Скачать
Просмотров: 7
 
Опубликовано 28 Ноября 2023, 19:19

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Жерге-Тал жана Чолок-Кайың айылында мал уурулук күч болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган эки айылдын айрым тургундарынын айтымында, айылда мал уурулук күч болуп, 2022-жылдын күз мезгилинде 12 адамдын жалпы 36 уй, топоз жана жылкылары дайынсыз жоголгон. Мунун ичинен 10 баш топоз, 3 баш жылкы, калганы уйлар. Бул боюнча мал ээлери райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышкандыгын, бирок жыйынтык чыкпай келгендигин айтышууда. Мал ээлери малдарын таап беришпесе дагы, ууруларды таап, жазасын берүүсүн тиешелүү органдардан талап кылышууда.

Чолок-Кайың айылынын тургуну Жаңыбай Мамытов; - 2022-жылы ноябрь айында өзүмө тиешелүү 4 баш уюмду уурдаттым. 8-ноябрь күнү уйларымды көргөм. 19-ноябрь күнү ошол уйларым жок болуп кеткендиктен, издеп баштадым. Айылдагы милиция кызматкерине кайрылгам. Алар "байке айланаңызды издей бериңиз, барабыз" дешти. Мен айлана-чөйрөнү 1 жарым ай издедим. Таппаганымдан, кайрадан кайрылдым. Анда келишкен жок. Акырында, айыл өкмөттүн сайтына жарыялаттым. Айыл боюнча 50 дөй адамдын малы жоголгон экен. Анын баары чогулуп сайтка чыгартканбыз. Ошондо гана милициялар келишти. Мал жоготкондордун бардыгы арыздарын жазып беришти. Алар "каттоого алдык" дешти. Кечиккендеринен, мен райондук ички иштер бөлүмүнө барып "эмне болду, жыйынтык барбы" десем, кандайдыр бир себептер менен иш токтотулуп калыптыр. Ошону менен райондук прокуратурага барып, жагдайымды түшүндүрдүм. Прокуратура ишти кайра жандандыртты. Ошону менен бирде райондук ички иштер бөлүмүнө, бирде прокуратурага барып, сурап жаттым. Арадан 6 ай өтүп, "райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы алмашып кетти" дегенди угуп, кайра бардым. Барсам "мал уурулукка шектүүлөр тоого чыгып кетиптир, ноябрда бетин ачабыз, чыдай туруңуз" дешти. Болуптур деп чыдап отурсам, айылдын почта кызматкерлери мага кат алып келди. Кат райондук ички иштер бөлүмүнөн келиптир. Ал кат 19-сентябрда жазылыптыр, мага 13-ноябрь күнү берилди. Катта "ишиңиз токтотулду, кароого жатпайт, кыскарды" деп. Анан кайра барып "силер катты 19-сентябрда жазсаңар, эмнеге кат мага 13-ноябрь күнү 1 жарым айдан кийин барат" десем, "билбейбиз" деп коюшту. Болуптур, менин 4 баш уюм төрт тарапка кетип калып, мен жакшы издебей койдум дейин. Анда, калган элдин 36 баш малы асманга учуп кеттиби? Өкмөттүн саясатына кээде капамын да. Мисалы, жылкыларга 250 сомдон чип бастырдык, уйлардын кулагына бирка бастырдык. Буларды жасарда "мал уурулуктун алдын алуу, уурдалган малыңар табылат" деп айтышкан да. Кана эми, аткарылганы?

Чолок-Кайың айылынын тургуну Мария Жүзманбетова; - Былтыр 2022-жыллын сентябрь айында 1 баш бооз кунаажыныбызды алып келгенбиз. Сентябрь айында малды короого деле кармай албайсың да. Айылдын четине айлап коюп, 2 күндө бир карап койчубуз. Андан кийин эле жок. Бир ай, бир жарым ай айланадан издедик. Дегеле, дайыны жок. Акыры, айылдын милициясына арыз жазып бергенбиз. Алардан сурап коёбуз. Алар "карап жатабыз" эле деп коюшат. Ошону менен дайыны чыкпай калды.

Чолок-Кайың айылынын тургуну Рысбек Акматов; - Менин 2 баш бука, 1 баш кунаажыным ноябрь айынын башында жоголду. Арпа жайлоосунан бадачынын колунан келген. Бул жерде жүрүп эле жоголуп кетти. 6-ноябрь күнү шаарга кеткем. Уйларымды кошуналарга тапшырып кеткем. Уйлар өздөрү деле кечкисин үйгө келишчү. 12-ноябрь күнү шаардан келдим. Келсем уйларым жок, таппай калдым. Издебеген жерим калган жок. Айылда ушинтип эле 2-3 жылдан бери малдар дайынсыз жоголуп жатат. Мурдагы жылы дагы 1 баш уюмду жоготком.

Жерге-Тал айылынын тургуну Ильичбек Артыков; - Өткөн жылы ноябрь айында шаарга кеткен элем. Анан 15 күндүн аралыгында келдим. Келсем, 1 баш кунан, 1 баш тайым жок. Ошону менен райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазып келдик. Ошону менен дайынсыз. 3 жылдан бери элдин малын "зыңылдатып" эле уурдап жатат. Малдар "асманга учкандай" эле жоголуп кетип жатат. Өлсө сөөгү, карышкыр жесе тарпы чыгат эле. Мал бир жакка учуп кетпейт да. Үйүңдүн айланасында жүрүп эле, бир жакка кетсек эле уурдайт. Өткөн жылы кышында бир жакка кетти эле. Короодон 1 баш коюлду уурдап кетти. Козусу калып, коюм жок. 10 жылдан бери менден эле 100 гө чукул кой уурдашты. Булар башында кой-козу уурдап башташкан. 3-4 жылдан бери бодо малдарга өтүштү. Үйдө жок болуп калсаң эле "шыпылдатып" уурдап кетишет.

Чолок-Кайың айылынын тургуну Марс Мырзабаев; - Меники дагы былтыр күзүндө 2 баш бээм жоголгон. Быйыл 2023-жылдын жаз мезгилинде 2 баш бээм жоголуп кетти. Бир бээ кулуну менен жоголду. Үйүр жылкынын ичинен. Жазында барып карап, кайра эртеси барсам эле жок. 1 баш бээм бир күндө жоголуп кетти. Ал эми 1 баш бээм кулуну менен 1 айдан кийин жоголуп кетип жатат. Милицияга арыз жазгам, кайрылгам. Барышып, кайсы жерден жоголгон, эмне болгон, сүрөт тартып кетишкен. Бул ууруларга чара көрбөсө болбойт. Мына 3 жылдан бери мал уурулук аябай күч алып кетти. Өзгөчө, былтыр күзүндө аябай уурдады. Булар сырттан келген деле уурулар эмес. Ушул эле айылда деп шектенип жатабыз. Анткени, кимдир бирөө шаарга де бир жакка чыгып кетсе, ошол адамдын малын уурдап кетишет да. Ким каякка кетет деп акмалап жүрүшөт окшойт.

Чолок-Кайың айылынын тургуну Улан Касмалиев; - Биз дагы бир аз топоз багабыз. 2023-жылдын жазында Бок-Базар деген жайлообуздан 10 баш топозубуз дайынсыз жоголгон. Негизи, 12 баш болчу. Бирок, 2 топоздун тарпын көрдүк. Ал эми 10 баш топозубуз жер жутуп кеткенсип дайынсыз жок. Бери дегенде 2 ай издедим. Бул жагынан Жеңишти (Кара-Бүргөн айылы), нары жагы Кош-Дөбөгө чейин карадык. Ушул кезге чейин издеп жүрөм. Эч дайыны жок.

Чолок-Кайың айылынын тургуну Акылбек Жалилов; - Жалпы элдин көйгөйү менен эле чогулуп жатабыз. Мал жоголуп, ууру табылбай жатат. Мен 1 баш бээ жоготтум. Өткөн жылы күзүндө жылкыларды Арпадан айдап келгенбиз. Арпадан келгенден кийин 10-15 күндөн кийин эле жылкыларды толуктап коёюн деп барсам, үйүрдүн арасында жүргөн чоң, жоош бээ жок болуп кетти. Дайынсыз. Сөөгү чыкпайт же тарпы чыкпайт. Ошону менен жоголду.

Ал эми Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Сезим Асанбекова окуя тууралуу маалымат берди.

"2023-жылдын 11-январь күнү Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Иличбек Иманалиев кайрылып, ал кайрылуусунда Жерге-Тал айыл аймагында "жергиликтүү эл малдары жоголуп жаткандыктан көмөк көрсөтүүңүздөрдү сурайм" деп кайрылган.
Жогоруда аталган кат Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн кириш журналына 2023- жылы 11-январда катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анда, Жерге-Тал айылынын жалпы 17 тургуну жоголгон малдары тууралуу айыл өкмөтүнө кайрылышып, 20 баш уй, 5 баш жылкы жайыттан жана жайлоодон жоготушуп, таппай жаткандыгы тууралуу айыл өкмөтүнө кайрылган.
Алардын ичинен арыз менен кайрылышкан 3 тургун малдары талаада жүргөн жеринен табылып, жазган арыздарын өндүрүштөн кыскартып берүү үчүн өтүнүч арыздары менен кайрылышкан. Мындан сырткары, 2 тургун тиешелүү болгон 2 баш кунаажыны талаадан табылып, алар дагы арыз жазуудан баш тартышкан. Жалпы маалыматтык электрон журналына Жерге-Тал айылындагы факты боюнча 16 арыз катталып, анын ичинен 5 адамдын малы талаадан жүргөн жеринен табылып, өтүнүч арыз менен кайрылышкан. Аталган арыз Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан маалыматтык электрон журналына каттоого алынып, окуя болгон жерлерге ыкчам-тергөө топтору чыгып, арыз ээлери менен жолугуп, окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүлүп, жабырлануучу катары сурак жүргүзүлгөн. Тергөө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө арыздарда көрсөтүлгөн жоголгон малдардын баардыгы 2022-жылдын июль айынан ноябрь айына чейинки аралыкта жайлоодон жана жайыттардан жоголгондугу аныкталып, 15 арыз боюнча топтолгон материалдарда кылмыштын курамы аныкталбагандыктан Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту менен кылмыш иш козгоодон баш тартылган. Ал эми Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылынын тургуну Жаңыбай Мамытовдун “2022-жылдын ноябрь айынын аягынан бери Чолок-Кайың айылына караштуу Бел-Кырчын чөлкөмүнөн өзүмө тиешелүү болгон 3 баш уй, 1 баш ургаачы торпогумду белгисиз септерден улам жоготуп жатам” деген арызы боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен кылмыштын курамы аныкталбагандыктан,кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылып, Ак-Талаа райондук прокуратурасына көзөмөл ирээтинде окуп чыгуу үчүн жиберилген", - деди С.Асанбекова.

Ак-Талаа районунун прокурорунун улук жардамчысы Актан Бакытов аталган айылдагы мал уурулук боюнча иш кайрадан жандангандыгын айтты.

"Чолок-Кайың айылындагы мал уурулук боюнча, быйыл 10-январда Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылуу түшкөн. Кайрылууда "Жерге-Тал айыл аймагынын жашоочуларынын малы жоголуп жатат, иликтеп, териштирип берүүңүздөрдү сурайбыз" деп суранган. Муну менен бирге эле Чолок-Кайың айылынын тургуну Жаңыбай Мамытов дагы 3 баш уй, 1 баш торпогу жоголгондугу тууралуу арыз менен кайрылган. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголгон. Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-берененин 2-бөлүмүнүн негизинде козголуп, тергөө амалдары жүрүп баштаган. Аталган кылмыш боюнча тийиштүү аракеттер көрүлгөн. Тилекке каршы, райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү ишти өндүрүштөн кыскарткан. Аталган кылмыш иши боюнча Ак-Талаа райондук прокуратасы тарабынан жокко чыгарылып, кошумча тергөө амалдарын жүргүүзү боюнча райондук ички иштер бөлүмүнө берилген. Бул кылмыш иш райондук прокурордун жеке көзөмөлүндө турат. Буюрса, жакынкы арада кылмыштын бетин ачууга аракет кылабыз. Иштин өндүрүштөн кыскартылып калгандыгынын себеби, райондук ички иштер бөлүмүнүн токтомунда жоголгон малдар "талаадан жоголгон, бул мал уурулук фактысына кирбейт" деп жазылган. Бирок, 8 адамдын малы талаадан жоголбойт деп эсептейбиз. Ошондуктан, прокуратура ал токтомду жокко чыгарып, кошумча тергөө амалдарын жүргүзүүгө тапшырмалар берилди. Айыл өкмөт тарабынан 17 адамдын малы жоголду деген билдирүү берилип жатат. Ал эми арыз менен жалгыз эле Жаңыбай Мамытов гана кайрылган. Бул жерде, малын жоготкон айрым жарандар үмүт менен малын 1-2 ай издеп жүрө берип жатышпайбы. Кээ бир жарандар 1 жылдан кийин арыз менен кайрылып жатышат. Мал ээлерине айтарыбыз малы жоголгон учурда райондук ички иштер бөлүмүнө дароо арыз менен кайрылуулары керек. Жоголгон малды табууга мүмкүндүк болот да. Көп убакыт өткөндөн кийин кайрылышат. Бул малды же мал ууруларды табууга болгон иш-аракеттердин пайыз төмөндөп кетип жатпайбы. Эгер, мал ээси жоголгон малын өз алдынча таап алса, кайра эле райондук ички бөлүмүнө малынын табылгандыгы билдирип, өндүрүштөн кыскартып коюуларын билдириш керек. Бирок, райондук ички иштер бөлүмү жоголгон малдарды, ууруларды тапканга аракет кылып жатышат. Бизде буга чейин кылмыш иштери ачылган фактылар бар", - А.Бакытов.






--
Отправлено из Mail.ru для Android