Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Алга айылынын 27 жаштагы тургуну Алия Эрмекова учурда Москва шаарында жашап жатат. Ал ушул жылдын 30-апрелинде көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан кулап кеткен. Анын кесепетинен 8 жолу операция болгон. Жакында дагы операция болот.