Ноокатта ата-бабалар эскерилди

turmush
Скачать
Просмотров: 88
 
Опубликовано 6 Ноября 2023, 14:50

Бүгүн 6-ноябрь Ноокат районунун Н.Исанов айылында тарыхий күндүн урматына иш-чара болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, «Тарых жана ата бабаларды эскерүү» планынын алкагында, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жаркын элесине арналып 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командири полковник Абдибаитов Алмазбек Алымкуловичтин демилгеси менен Н.Исанов айылындагы эскерүү аянтчасына Танк 76 үлгүсүндөгү аскердик күжүрмөн техникасын коюу менен гүл чамбарлар коюлуп курман болгондор үчүн куран окулду.
Иш чарага жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бийлик өкүлдөрү, 01003 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы жана Исанов айылынын жашоочулары катышышты.