Нарын облусунун Ак-Талаа районундук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун кызматкерлери Кыргыз тил күнүн белгилешти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аталган борбордун дарыгерлери жана эмчи айымдары 23-сентябрь кыргыз тили күнүнө карата жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата иш-чара өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө, кызматкерлер тарабынан кыргыз тили тууралуу монологдор айтылды. Ошондой эле, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр көркөм окулду. Андан тышкары, сүрөт бурчтары уюштурулду.