Бүгүн Ч.Айтматовдун 95 жылдык мааракесине бир тууган карындашы Роза Айтматова келди. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
«Менин жаш курагыма байланыштуу 7 жылдан бери Таласка келе элек элем. Азыр Чыңгыз Төрөкуловичке арналган мааракеге келүү мен үчүн абдан маанилүү. Азыр жашым 90 дон ашып калды, мындай куракта көп нерсени унутуп коёт экенсиң. Агамдын чыгармалары деле эсимден чыгып кетет. Кээ бир чыгармаларын изденип окуйм азыр. Улам кайталап окуган сайын, жаңыдан окугандай болуп, маанисин улам башкача кабыл ала берем», - деди ал.