Кочкор районундагы фермерлер айдоо аянтында сары чырмооктор көбөйүп баратканына тынчызданууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Фермерлердин айтымында, сары чырмооктор көбөйүп кетсе, дан эгиндери зыянга учурап, тоют өсүмдүктөрү коромжуга учурайт.
Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы Нарын облустук өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин кызматы тарабынан райондогу дан эгиндерин жана картошка сактоочу кампалар дарылоодон (фумигация) өткөндүгүн билдиришти.