Тоңдогу эски пляж каралбай калганына эс алуучулар нааразы

turmush
Скачать
Просмотров: 8204
 
Опубликовано 6 Августа 2023, 12:19

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу көл жээгиндеги эски пляж каралбай калды.

Бул тууралуу аймактык кабарчыга эс алуучулар билдиришти.

"Көл таза, жээги кум экен. Эс алуучулар дагы аз эмес. Союз кезинде атайын жасалган пляж болчу. Каралбай калганы зээнди кейитти. Мисалы, чечинүүчү жайдын ичин даарат кана кылып алышкан. ӨКМ менен милициянын эскертүү тактасы ошол чечинүүчү жайдын ичинде турат. Жээкте таштандылар жатат" - деди алар.