Каракол шаардык мэриясынын демилгеси, шаардык кеңештин колдоосу менен биринчи жолу жети акенин сүрөттөрү тартылып, элге тартууланды. Бул багытта «Жети» деп аталган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы бүгүн, 1-июль күнү Каракол шаарындагы эң алдыңкы мейманканада өттү.
Жети аке: Садыр аке, Кыдыр аке, Мойт аке, Карга аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Карач аке.
Көргөзмөнүн максаты жалпы коомчулукка, өзгөчө жаш муунга кыргыз улутунун тарыхында маанилүү орду бар жети аке феноменин, анын баалуулугун чагылдыруу жана жаюу, ошондой эле бул феноменди Ысык-Көл облусу менен гана чектебестен, жалпы улут байлыгы катары баалоого үндөө болуп саналат.
Иш-чарга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жети акенин тукумдары менен чакырылган коноктор катышты.