Кара-Көл шаарынын 69 жаштагы тургуну Гулаим Кочкорова кыргыздын алмустактан берки ырым-жырымы болгон "Умач аш" жөрөлгөсү туралуу айтып аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.
"Биз "Энелер күнүнүн" алкагында өткөн иш чарада жаштарга "Умач аш" деген ырым жырымды көрсөттүк. Азыр жаштардын көбү эле илгерки ырым-жырымдарды билишпейт. Биздин элдин көп жакшылыктарды тилеген, көп жамандыктарды алдын алган, тарбиялык мааниси зор өтө жакшы ырым-жырымдары бар.
Ошолордун бири Умай энеге сыйынуу. Муну "Бүшейшембилик" деп коет. Себеби бул ырым жуманын шейшемби гана күнү өткөрүлөт. Ушул ырымды биз курактуу аксакал байбичелер дагы билишпейт. Ошону элге пропагандалап, кийинки муунга ушунун пайдасы тиер бекен деген максатта башкаларга театралдаштырып, аткарып көрсөтүүгө аракет жасадык.
Бул жөрөлгөнүн максаты Умай энеден тиленүү. Себеби аялдын пири Умай эне болот эмеспи. Мисалы балалуу болбогон келиндер бала тилеп, турмушунан тынбагандар бакыт тилеп, энелер балдарына жакшылык тилеп, үй-бүлөсүнө береке, киреше кирсин деп, жакшы тилектер менен энелер гана өткөрүүчү ырым болуп эсептелет. Буга эркектер катышпайт. Умач аштын токочторун жасаганда эркектер көрбөшү керек. Жалаң аялдар, кыздар, келиндер гана катышат. Бул айымдардын тилеги. Анткени Умай эне жараткандан суранган экен. "Мен бардык жыргалчылыктан кечейин, аял заты менен сиздин (жараткандын) ортосуңуздагы элчи болоюн"- деп суранып жерге түшкөн экен. Умай эне өзү периште болгон экен. Ошентип кудайдан суранып, адам болуп, жерге түшкөн экен. Ошон үчүн кандай аялдын аруу тилеги болсо, Умай энеге сыйынып тиленсе, Умай эне кудайга түз жеткирет экен."- деди ал.