Ак-Талаа акимиатынын алдына 15 тей адам топтолду. Эмнеге?

turmush
Скачать
Просмотров: 1068
 
Опубликовано 5 Мая 2023, 16:18

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын алдына Орто-Сырттагы кырдаал боюнча 10-15 тей адам топтолду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн 5-май күнү болжол менен 10:30 - 11:00 дөр чамасында Байгөнчөк айылынын бир нече тургуну Орто-Сыртка барчу жол ачылбагандыгын, ал жакта малдар ачка калгандыгын, жолду ачтырып берүүлөрүн талап кылып Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын алдына чогулушту. Келген тургундар менен акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров жолугушуп, кырдаал боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, ашуудагы жол Сары-Кайкыга чейин тазалангандыгын, Сары-Кайкыдан нары жагы тоң муз болгондуктан техниканын күчү жетпей койгондугун билдирди. Ошондой эле, бүгүн өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн тобу жана жол тейлөө ишканасынын кубаттуу техникасы менен жол ачууга кайрадан чыгып жатышкандыгын айтты.

Андан соң, болжол менен саат 14:00 дөр чамасында өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси, куткаруу тобу, акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров жол тейлөө ишканасынын кубаттуу техникасы менен Орто-Сырт чөлкөмүнө жөнөп кетишти.