Ак-Талаанын Орто-Сырт чөлкөмүндө абал оор

turmush
Скачать
Просмотров: 1374
 
Опубликовано 4 Мая 2023, 23:27

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Орто-Сырт чөлкөмүнө барчу жол ачылбай, ал жактагы малчыларга тоют жеткириле элек. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 2-май күнү аба-ы­райы кескин түрдө өз­гөрүлүп, болжол менен саат 13:30- 14:00 дөр чамасында кар ар­алаш жамгыр жааган. Ал эми жергиликтүү жашоочулардын айтымын­да, Орто-Сырт чөлкөмүнө бери дегенде 30-40 сантиметр кар жааган. Ал чөлкөмдөгү малчылар мал оттой албай калгандыгын, Орто-Сырттын жолун кардан тазалап берүүлөрүн жергиликтүү бийликтен, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн суранышкан.

3-май күнү район акими Жумадилла Жапаров тиешелүү кызматтын өкүлдөрү 1 погрузчик менен жолду ачып берүүгө чыгып кетишкендигин жана МЭЛС-Ашуунун жолу тазаланып жаткандыгын, жол ачылып берилери менен малчыларга тоют жеткирилерин билдирген болчу. Бирок, малчыларга жана малдарга сарсанаа болгон айрым мал ээлери боздогон бороондо, уюлгуган шамалда, көзгө сайса көрүнгүс туманда колдоруна таяк кармап, калың жааган карды жиреп, аска-зоону аралап кетип бара жатышкандыгын тартылган видеолорунан көрүүгө болот.

4-май күнү Орто-Сырт чөлкөмүнө барып келген Байгөнчөк айылынын тургуну Султанбек Жумакадыров жол толук ачылбагандыгын айтты.

"Кечээ бул жактан жол ачууга баргандар жолду толук кандуу ачпастан, кетип калышыптыр. Кескен-Таш деген жер бар. Ошол Сары-Кайкынын кырына чейин ачышыптыр дагы, кайра кетип калышыптыр. Бүгүн барышса деле толук ачып коюшмак болчу. Бирок, бүгүн барышкан жок. Ары жагында 200-300 орчундуу көйгөйлүү жер бар. Ошол жерин ачып берип коюшса эле, калган жагына унаа жүрө алмак. Ал жактагы малчыларга тоют жеткирбесек, малдар ачка калды. 2 суткадан бери ачка. Анча-мынча тоонун ачылган беттерине оттотуп жатышкан. Бүгүн кайра кар жаап жатат. Абал чатакка айланып кетет. Ал жакта 1 500 дөй майда жандык, 700 дөй бодо мал бар экен. 5-6 үй-бүлө бар. Бүгүн 3-4 байке түйүнчүктөрүн жонуна асынып алып, калың жааган карды жиреп жөө ары жакка ашып кетишти. Жергиликтүү бийлик, өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, жол тейлөө ишканасы дегендерден дайын барбы? Абалга дагы баа берип коюшкан жок. Мен барып көрүп келген киши катары айтып жатам. Ал жактагы малчылар эч нерсе талап кылган жок. Болгону жолду ачып, сүрдүрүп берип коюшса болмок деп суранып жатышат. Жолду ачып берип коюшса тоютту өзүбүз эле жеткирип берет элек деп жатышат мал ээлери. Бийликте каалоо, көңүл болсо эле ачып коюшмак. Мына дагы кар жаап жатат, ал жактагы малчылар эмне болот, малдар эмне болот? Жолду ачып беришкен жок", - деди С.Жумакадыров.