Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын дыйкандары турналардын эрте келгенине кубанышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, Баетов айылынын жергиликтүү тургуну айылдын түштүк тарабындагы сугат суу сактагычы тараптан 12 баш турганы көрүп, аларды видеого тартып калган.
"Учурда дыйкандар аянт талааларында жүрүшөт. Алар айдоо аянтка көнүп, оттоп жүрүшкөн тургандарды көрүшкөн. Турналар кургакка жөн конбойт. Учуп өткөн турналарды көрүп жакшылыкка жоруп коюшчу. Кургакка турналар жөн койбойт. Бул жакшы жөрөлгө", - деди айыл тургуну Шахназар Жанболотов.