Бишкек: Мейманканадан 3 адамдын сөөгү чыкты

AkiTv
Скачать
Просмотров: 92
 
Опубликовано 7 Апреля 2023, 12:09

Бишкектин Фрунзе көчөсүндөгү мейманканада 3 адамдын сөөгү табылды. Алардын бири 38 жаштагы эркек киши. Жанындагы 2 кыздын аты-жөнү такталып жатат.

АКИpress булактар аркылуу тактаган маалымат боюнча, көз жумган жаран бул жайда 3 кыз менен бирге эс алып, спирт ичимдигин ичип, синтетикалык баңгизат колдонушкан. Ал ортодо кыздардын бири уктап калып, калгандары эс алууну улантышкан.

Кийинчерээк уйкудан турган кыз жанындагы шериктерин ойгото алган эмес. Болжолдуу маалыматтар боюнча, баңгизат ашыкча өлчөмдө колдонулган деген божомол бар.