«Кечинде...»: Орус тили, кара түтүн жана коррупциядан кайткан 5 млн сом

AkiTv
Скачать
Просмотров: 34
 
Опубликовано 30 Марта 2023, 09:21

Бүгүн 29-март. Шаршембинин кечинде маанилүү маалыматтарды топтодук.

Коррупциядан баштасак:

«Тазалык» муниципалдык мекемесинин мурдагы директору Рыспек Сарпашов мамлекетке келтирген зыянды толугу менен — 5 млн сом төлөдү. Аны УКМК 22-мартта кармап, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып тагылган.

Расмий маалыматта Сарпашов күнөөсүн мойнуна алганы айтылды. Ал учурда үй камагында.

Сарпашов «Тазалыкты» 2010-2012-жылдары, кайра 2014-2018 жана 2019-2021-жылдары жетектеген. 2018-2019-жылдары Бишкектин вице-мэри болчу.

---

- Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы орус тилинин макамына байланыштуу ар кандай саясий аракеттерге каршы.

Мамлекет башчы: «Орус тили расмий тил катары өлкөнүн конституциясында белгиленген», - деген пикирин Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушканда айтты.

---

Бишкек мэриясындагы жыйында кийинки кышка чейин түтүн көйгөйүн чечүү маселеси көтөрүлдү. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБдеги фильтирлөө иштери жана сапаттуу көмүр маселесин чечүүнү тапшырды.

Анын айтымында, дагы бир маанилүү нерсе — кышкысын Бишкектен өткөн транспорт каражаттарын минималдаштыруу үчүн оптимизациялоо керек. Ал транспорттук техниканы дагы категориясына карап бөлүштүрүүнү сунуштады. Бул иштердин жыйынтыгын балким алдыдагы кышта байкап калабыз.

----

Санариптик өнүктүрүү министринин 2 жаңы орун басары дайындалды. Бул кызматты Ренат Айтымбетов менен Жазгүл Кийизбаева ээлейт.

---

Коңшу өлкөнүн саясатындагы жаңылыктарды да айтсак:

Казакстандын өкмөтү отставкага кетти. Ага жаңы парламент шайланганы себеп болду.

Буга чейин өкмөттү жетектеп турган Алихан Смаиловдун өкмөтү өткөн жылы январь айындагы окуялардан кийин түзүлгөн.

---

Ал эми Казакстандын жаңы шайланган парламентинин төрагасы болуп кайрадан Ерлан Кошанов келди. Ал бийликчил «Аманат» партиясынын өкүлү. Депутаттар жалгыз талапкерди бир добуштан колдоп беришкен.

---

30-31-мартта жана 1-апрелде Казакстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Казгидромет билдиргендей, жаан, кар жаап, абанын температурасы -22 градуска чейин төмөндөйт.

Кыргызстандын аймагында мындай өзгөрүү күтүлгөн жок.

----

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугууга кызыкдар экенин билдирип, аны Украинага чакырды.

Кытайдын төрагасы мурунку жумада Россияга иш сапары менен барып, президент Владимир Путин менен жолугушкан болчу.

---