Өзгөндөгү жер көчкү турак үйдү басып калды

AkiTv
Скачать
Просмотров: 65
 
Опубликовано 27 Марта 2023, 12:01

Оштогу Өзгөн районунун Карл Маркс айылынын четиндеги турак үйдү, очоккананы жер көчкү басып калды. 26-мартта эртең мененки жетидеги жер көчкү мал сарайга 10 метр гана аралык калган. Адамдар жаракат алган жок.

ӨКМдин маалыматы боюнча, 22-мартта таңкы саат 05:00 чамасында Кызыл-Күнгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн куб метр жер көчкү түшкөн. Айылда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу.

Аталган тилкеде 18 турак үйгө коркунуч пайда болду.
Учурда бул аймакта 200 чакты жашоочу үчүн чатырлар тигилген.

Бул аймактагы жер көчкү коркунучу 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган.