Ак-Талаадагы чоң көпүрө Ала-Буга дарыясына биротоло кете бермей болду

turmush
Скачать
Просмотров: 739
 
Опубликовано 17 Марта 2023, 15:29

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Ала-Буга дарыясынын чордонундагы чоң көпүрө кыйрап калуу коркунучуна кептелди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кара-Бүргөн айыл аймагынын түштүк тарабында, Үгүт айыл аймагынын батыш тарабында эки айылдын чектеш аймагында же тактап айтканда Жылуу-Суу чөлкөмүнөн агып өткөн Ала-Буга дарыясындагы унаалар өтүүчү чоң көпүрө көп жылдардан бери таптакыр кароосуз калып, эми биротоло Ала-Буга дарыясынын кучагында кошо агып кетүү коркунучунда калды.

Кара-Бүргөн айылынын тургуну Өркүнбек Мааданбеков көпүрө биротоло кулап каларын айтты.

"Жылуу-Суу аймагындагы Ала-Буга дарыясынын чордонундагы чоң көпүрөгө эч ким көңүл бурбайт калды. "Көпүрө эмне болду, кантти экен" деп бир дагы бийлик өкүлү басып көрүп койгонго жарашкан жок. Көпүрө дал ортосунан сынып, эки башын суу жеп, бир гана унаа баткыдай тилкеси калды. Башка эч нерсе калган жок. Учурда, суу көпүрөнү талкалап жаткан учуру. Быйыл көпүрөнү биротоло суу алып кетет", - деди Ө.Мааданбеков.

Аталган көпүрө аркылуу аркы өйүздөгү маанилүү 3 объекти менен байланышып турса болот. Биринчи объекти - жайыт. Аркы өйүзгө малчылар көчүп барып, жайлата малын жайып келсе болот. Экинчиден, ал жакта туз кени бар. Кара туз кенин иштетсе, өлкөбүздүн экономикасына пайдасы тиймек. Үчүнчүдөн, Жылуу-Суу эс алуучу жайы бар. Союз учурунда, союздан кийинки мезгилде дагы бул эс алуучу жайдан элдин аягы үзүлбөй, үзгүлтүксүз эс алууга келип турушчу. Андан кийин, Жылуу-Суу өтө турчу жолун биротоло суу жеп, эс алуу жайдагы имараттар талкаланып-тонолуп кеткен. Учурда, бассейндеги башка эч нерсеси деле калган эмес.