Ак-Талаада аялзаттар мырзаларды куттукташты

turmush
Скачать
Просмотров: 324
 
Опубликовано 24 Февраля 2023, 09:15

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы аялзаттары 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата мырзаларды куттукташып, белек тапшырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ 22-февраль күнү Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата райондук "Аялдар кеңеши", Баетов айылдык "Аялдар кеңеши" жана райондук маданият бөлүмү тарабынан райондук маданият бөлүмүндө салтанаттуу иш-чара белгиленип, анда мырзаларды акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров, райондук Аялдар кеңешинин төрайымы Букен Турдубекова, Баетов айылынын аялдар кеңешинин төрайымы Гүлжан Тентимишова куттуктады. Иш-чаранын жүрүшүндө маданият үйүнүн өнөрпоздорунун жана "DI DANCE" бийчилер тобунун концерттик программасы тартууланып, "Жылдын мыктылары" номинациялары тапшырылды.

Номинация ээлери;

- "Мыкты тейлөөчү" номинация менен Баетов айылдык "Таза суу жана таза аймак ишканасынын" жетекчиси Талант Кадыркулов,
- Демилгелүү демөөрчү" номинация менен Терек айылынын тургуну Токтосун Казиев,
- "Мыкты сот приставы" номинация менен Ак-Талаа райондук сотунун кызматкери Мирлан Асаналиев,
- "Үлгүлүү айдоочу" номинация менен райондук билим берүү бөлүмүнүн айдоочусу Жыргалбек Кожобеков,
- "Мыкты күзөтчү" номинация менен Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин күзөтчүсү Эмилбек Жаналиев,
- "Мыкты ишкер" номинация менен ишкер Төрөгелди Жузуев,
- "Мыкты сакчы" номинация менен Айыл банктын райондук филиалынын сакчысы Молдогазы Шекенов,
- "Адилеттүү кабарчы" номинация менен Turmush.kg басылмасынын аймактык кабарчысы Адилет Сагыналиев,
- "Мыкты ишкер" номинациясы менен ишкер Нурлан Мамбетов,
- "Мыкты мекен коргоочусу" номинациясы менен Ак-Талаа райондук аскер комиссариатынын аскерге чакыруу бөлүмүнүн башчысы Марлис Эликбаев,
- "Күжүрмөн айдоочу" номинациясы менен Баетов айылдык "Таза суу жана таза аймак" ишканасынын трактористи Сейтек Чоюбеков,
- "Эмгекчил айдоочу" номинациясы менен Баетов - Нарын каттамынын айдоочусу Адылбек Каргалдаев,
- "Мыкты уста" номинациясы менен Баетов айылындагы дөңгөлөк желимдөөчү жайдын ээси Азимжан Маатказиев баалуу белектер менен сыйланды.