Прокурор Тайлаков

Bulbul
Скачать
Просмотров: 3202
 
Опубликовано 18 Февраля 2023, 20:37

Дайырбек Орунбеков
.
16-февралда Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан мамлекеттик кызматкерлерди коркутуу менен алардан акчалай пара талап кылуу фактысы боюнча Т.Тайлаков аттуу прокуратура органынын мурдагы кызматкери кармалып, камака алынды.
Төмөндөгү видео жазууда Т.Тайлаков, Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин төрагасы жана Башкы прокурору менен жакын мамилеси бар экен айтып, мамлекеттик кызматкерге карата, "тагдырыңды кесип коем, биздин артыбызда Президент, Ташиев акебиз, Башкы прокурор турат" - деген сөздөрдү колдонуу менен жабырлануучудан керектүү акчаны бербесе анын өмүрүнө коркунуч келтирип коёоорун билдирген.
Бул жагдай менен таанышып чыгып, төмөнкүлөрдү маалымдайбыз:
Президент Садыр Жапаров кызматына киришкен күндөн тартып, мыйзам баарына бирдей болоорун так кесе айткан жана ал мыйзам бүгүнкү күнгө чейин кынтыксыз аткарылып келүүдө. Жеке кызыкчылыктарды ишке ашыруу максатында мамлекет башчынын жана анын жакындарынын атын пайдаланууга мыйзам жол бербейт жана мындай ар кимди опузалоо фактыларына катуу чаралар көрүлөөрүн эскертебиз. Ошондой эле, Жогорку кызматтагы адамдардын атынан кимдир бирөөлөргө басым-кысым жасалган фактылар болсо, дароо укук коргоо органдарына кайрылууну эскертебиз.