Жубайлар рубрикабыздын кезектеги каармандары Роза Баймуратова менен Гагарин Ногоев 40 жылдан бери бирге жашап, түтүн булатып келе жатышат.
Роза айым, 1962-жылы 16-февралда Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлсө, жолдошу 1961-жылы 12-апрелде Суусамыр өрөөнүндө төрөлгөн.
Каармандардын бири Роза айым менен аймактык кабарчы таанышты.