Малик Аликеев көз жумду

AkiTv
Скачать
Просмотров: 62
 
Опубликовано 17 Января 2023, 15:59

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев 17-январда каза болгонун сахналаштары билдиришти. Маркум акыркы учурда ооруп жүргөн. Ал 2023-жылдын жайында 54 жашка толмок.

Малик Аликеев Талас районунун Көпүрө-Базар айылында жарыкка келген. 5 бир туугандын кенжеси.

Кичине кезинен эле комуз чертип, ырдап жүргөн. Кийин элге «Мөлмөлүм», «Арзыкан», «Таласым» сыяктуу чыгармалар менен кеңири таанылды.

Ага эмгек сиңирген артист наамы 2021-жылы ыйгарылган. Акыркы жеке концертин 2022-жылдын декабрында Бишкек шаарында ийгиликтүү өткөргөн болчу.

Маркум Малик Аликеев кичи мекенинде акыркы сапарга узатылат.