Ажылык-2023: Кыргызстандын квотасы көбөйдү

AkiTv
Скачать
Просмотров: 46
 
Опубликовано 11 Января 2023, 15:52

Сауд Арабиясы Кыргыз Республикасына ажылык сапар үчүн бөлгөн орундардын санын көбөйттү. 2022-жылы 2766 квота берилсе, быйыл 6 000 жаран ажылык сапарга барат.

8-январда Мекке шаарына жөнөп кеткен муфтий Замир Ракиевдин жетекчилигиндеги делегация ажылык министрлиги менен макулдашууга кол коюшту. Эми өлкөдө ажылык сапарды уюштуруу иштери башталып, мөөнөтү жана керектүү каражаттын көлөмү такталат.

2019-жылдан бери электрондук базада 4313 жаран кезекте турганы белгилүү болду.

Былтыркы маалыматтарга таянсак, ажылык сапарга баруу акысы мурунку жылдарга салыштырмалуу жогорулап, бир адамга ошол кездеги көрсөткүч менен 371,5 миң сом же 4,5 миң доллар деп бааланган болчу. 2022-жылы кыргызстандык зыяратчылардын биринчи тобу 16-июнда учуп кетишкен.