Кыргыз милициясында бир катар кадрлардын орду алмашканы 10-январда белгилүү болду.

AkiTv
Скачать
Просмотров: 53
 
Опубликовано 10 Января 2023, 17:15

Мындан ары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп Улан Айтбаев эмгектенет. Ал буга чейин шаардык милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүн башкарып келген.

Бишкектин Октябрь РИИБине Зарылбек уулу Эмирлан жетекчи болуп келди. Ал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болчу.

Ал эми Октябрь РИИБди көзөмөлдөп келген Азамат Токтоналиев Талас ОИИБдин башчысы кызматына которулду.

Талас ОИИБди 2021-жылдан бери башкарып турган Марлис Асанов Ош ШИИБдин жетекчиси болуп дайындалды.