Ак-Талаада сканворд толтурган 87 жаштагы Турсун апа тууралуу

turmush
Скачать
Просмотров: 1195
 
Опубликовано 2 Января 2023, 01:03

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылынын 87 жаштагы тургуну Турсун Бердиматова апа үзгүлтүксүз китеп, гезит-журналдарды окуп жана сканворд толтуруп көпчүлүктү таңгалдырып келет. Ардагер апа тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Өзгөчө каарманыбыз Турсун апа окубаган китеби калган жоктугун айтты.

"Мен китепти жаш кезимден бери эле үзбөй окуйм. Китеп окуганды аябай жакшы көрөм. Түгөлбай Сыдыкбековдун "Биздин замандын кишилери" дегенин, казактардын "Ботогөз" менен "Абай" китебин окудум. Төлөгөн Касымбековдун 8 томдук китебин, Чыңгыз Айтматовдун 7 томдугун, "Манас" эпосун бүт окудум. Кайсы китепти сурайсың? Мен окубаган китеп калган жок. Азыркы жазуучулардан Шайлообек Дүйшеевдин 3 томун окудум. Азыркы жазуучулардан жакшы жазганы эле Шайлообек. Жашырбай жазат. Чыныгы турмушту жазат. Мен ошол кездеги Сталин мектебинде (азыркы Шүкүрбек Бейшеналиев) 10-класска чейин билим алдым. Сабакты жакшы окудум. Ар кимдин маңдайына жазганы болот экен. Нарындагы мугалимдик окуу жайга барып, окууга өтүп келгем. Ата-энем "көз тийип өлүп каласың" деп окууга жибербей койгон. Апам "сайма сай" деп колума сайма берип койсо, китепти бутумдун астына катып алып окуй берчүмүн. Илгери, борбор жактан бир журналист келип, "Жамиля" повести Чыңгыз Айтматовдун канчанчы томунда? дейт. Ботом, журналист болуп сен билбейсиңби? - десем, "ооба" деди. Азыркыдай учур болгондо жазуучу болуп кетмекмин.

Турсун апа иштеген иштери, ишиндеги окуялары тууралуу айтып берди

"Шырдак жасадым, курак курап, тор түйдүм, тор жоолуктарды түйдүм. Сайма, туштук сайдым. Көп эле иш кылдым, балам. Неберелеримди окутам деп 7 жыл шаарда жашап, көчөнүн боюна үстөл коюп алып, семечка, чылым сатып 7 жыл шаарда жүрдүм. Кудайга шүгүр. Өзүм 30 жылдан бери намаз окуйм. Биздин убагыбызда жаман болчу. "Кудай каякта, таап кел" дечү мугалимдер. Мени "атаң намаз окуйт экен" деп эчен чогулушта тургузду. Атам "Манас" айтчу экен. Атамды "Манас" айтасың деп республикага алып кетүүгө келишиптир. Ал учурда атам Үч-Кара-Сууда бригадир экен. Атам жумушуна карап барбай койсо, анын ордуна Молдобасан Мусулманкуловду алып кетишиптир", - деди Турсун апа.

Турсун Бердиматова каатчылык мезгилдеги кыйынчылыктар тууралуу айтып берди.

"1945-жылдан 1955-жылга чейин каатчылык мезгилде жашадык. 1960-жылга чейин элдин жашоосу оңолгон жок. Кагаз-калем жок. Канторго барып, көрүнгөн жерге таштап койгон жазылуу кагаздарга жазчубуз. Калем жок. Кернейдин көөсүн кырып алып, сууга чылап, кайнатып, анан сыя кылып жазчубуз. Казандын түбүндөгү көө болбойт экен. Өкүмат эмнесин берет? Нанды араң таап жечүбүз. 3-класстан тарта машак тердик. Таза суу жок. Саздан суу ташып келчүбүз. Азыр силер кудайга кусур кылбай оокат кыла тургансыңар. Азыркы жаштар сабак окуганды билбейт. Мектеп суук. Чым көң жагабыз. Анысы дагы суу. Балабыз да. Кээде балдардын тумагын жагып жиберчүбүз. Жылыбайбыз, отурабыз шүмтүрөп. Бир күнү мугалим бир окуучуну "тур ордуңдан" деп сабак сураса, ал байкуш "эже, ордумду жылытып алдым эле, "2" коё бериңизчи" деп айткан. Ушундай кыйын заманда окудук. Азыр жыргал. Чайың белен, наның белен, мектеп жылуу, бардыгы жетиштүү. Анан, эмнеге окушпайт... билбейм", - деди ардагер апа.

Союз учурунда дүкөнчү болуп иштеп, 3 тыйын үчүн сотко суракка чакырылганын айтты.

"Биздин учурда жумушка иштегенле талап катуу болчу. Мен дүкөнчү дагы болуп иштегем. Азыр дүкөнгө кирсең башка баа, эртең кирсең башка баа. Бир жолу дүкөнгө эки бала келип, момпосуй алган. Аларга таразанын бир жагына клёк коюп, тартып берчүбүз. Анан аларга клёк койбой, момпосуй тартып берип коюптурмун. 3 тыйын кемип калыптыр. 3 тыйын үчүн сотко суракка чакырып, 15 рубль айып пул төлөгөм. Азыр мыйзам жок, иштебейт. Илгери, мыйзам катуу болчу. Азыр үч бала отурса, түкүрө беришип, алдылары көл болуп кетет. Биздин убакта түкүргөндөргө айып пул салчу. Чөп чабыкка, чөп тоют камдоого алып кетишчү. Жеңиштин (азыркы Кара-Бүргөн айылы) чиркейи кишини өлтүрүп коё жаздачу. Жеңишке чөп чапканга барчубуз. Түнөп чапчубуз. 1 мүнөт кечигип калсак айлыгыбыздан акчабызды кесип алчу.

Ремонттук-техникалык станцияда иштедим. Мага кампа башчылык жумушту дагы, чарба башчылык дагы жумушту берип коюшуптур. Көрсө, экөө эки башка жумуш, эки башка айлык төлөнчү экен. Мен эки жумушта иштеп бир эле айлык алчумун. Анан кийин бухгалтерге "эй шүмшүк, сен мени эки жумушка иштетип, бир эле айлык берчү турбайсыңбы" деп айтсам, ал "ой эч нерсе болбойт" деп койду. Экинчи жумушумдан айлыгын ким алчу билбейм же бухгалтер башка бирөөгө жаздырып коюп, өзү алдыбы, ким билет. Абышкам ширетүүчү болуп иштечү. Кичүү уулум Талант атасын тартып ширетүүчү болуп иштейт", - деди китепкөй апа.

Ал эми келини Айжан Бекмуратова кайненеси сканворд толтургандан эс аларын айтты.

"Апам китеп, гезит-журналдарды аябай окуйт. Гезит бир кечигип калса почточуга 5-6 жолу телефон чалып же балдарды жиберет. Мындан тышкары, түрк сериалдарын укмуш көрөт. Бизге айтып берет. Өзгөчө "Супер Инфо" гезитин күтүп окуйт. Сканворд толтурганды аябай жакшы көрөт. Сканворд толтургандан эс алам дей берет. Айылдагы китепкананын китептерин окуп бүттү. Апам ооруканага жатып калса бардык дарынын рецебин билет. Дарыгерлер менен талашып-тартышып "назначение" жаздырат экен. Өткөн жылы ооруканага жатып, жанына кызым кошо жатты. Кызым "апам кууратты" деп күлөт. Көрсө дарыгерлерге "бул дарыны сайба, берки дарыны сай, мынча өлчөмдө сай" деп дарыгерлер менен урушат дейт. Дарынын аттарын, канча өлчөмдө сайылыш керектигин бүт билет. Орусча дагы жакшы сүйлөйт. Көчөдө ары-бери өткөндөрдү баскандарынан эле таанып коёт. Өткөндө, жаш келиндер алысырактан көрбөйт деп учурашпай коюшуптур. Кийин, бир жерден көрүп калып "ай келин бери келчи, өткөндө эмнеге учурашпайсың" деп тилдеген тура. Ал келин "иий, элдин көзүнчө уят кылбадыбы, алыстан эле таанып алат турбайбы" деп коёт.

Уулу Талантбек Карымшаков атасы эртең менен тура электе арасы унаасын от алдырып коёрун айтты.

"Апамдын эс тутуму аябай күчтүү да. "Бул баланчанын баласы" деп айтып койсоң, ал адамдын ата-жотосунан бери бүт айтып берип коёт. Ак-Талаанын архиви деп койсок болот. Эс-тутумунун күчтүүлүгү - бул китеп окугандыгынын таасири болсо керек деп ойлойм. Апамды медициналык окуу жайга окутуп коюшуптур да. Орус мугалим адамдын ийини тууралуу сураса билбей койсо, мугалим апамды кишинин кар жилиги менен "это плечо" деп ийнине чааптыр. Ошондон кийин "окубайм" деп басып кетип калыптыр.1968-жылдары атама сыйлыкка "Запорожец" үлгүсүндөгү унаа беришиптир. Ал унаа азыр дагы турат короодо. Апам "абышкамдын унаасын көрүп турайын" деп саттырбай койду. Кээде ак көңүлү кармаганда "металлга өткөрүп жибер" дейт. Өткөрүп жиберейин десең "тийбе" дейт. Илгери, атам "Газик" деген унаа айдачу экен. Кыш мезгилинде атам тура электе эртең менен туруп, унаага суусун куюп, падсосту тартып, ручканы айландырып от алдырып койчу экен. Атам тургуча унаа жылып калат.