Мас чиновник көчөгө автоунаа айдап чыккан

AkiTv
Скачать
Просмотров: 128
 
Опубликовано 26 Декабря 2022, 13:48

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков мас абалда автоунаа башкарып жүргөнү үчүн айып пул төлөйт. Бул маалыматты Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы тастыктады.

Кайгуулчулар 22-декабрга караган түнү рейд учурунда «Lexus» үлгүсүндөгү автоунааны текшерүү үчүн токтотушкан. Унааны Руслан Татиков башкарып бара жаткан.

Жыйынтыгында мас айдоочуга, тактап айтканда министрдин орун басарына 17 миң 500 сом айып пул салынды. Ал эми автоунаасы айып короого токтотулган.