Бишкектеги мектептерде карантин узарды

AkiTv
Скачать
Просмотров: 42
 
Опубликовано 23 Декабря 2022, 16:23

Бишкек шаарындагы мектептерде карантин, тактап айтканда онлайн режимде окутуу 28-декабрга чейин узартылды. Бул чечим тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 22-декабрда билдирди.

Буга сасык тумоо менен ооруган балдардын саны көп болуп жатканы себеп болгон.

Кыргызстандагы мектептердин баары 15-декабрдан 24-декабрга чейин аралыктан билим берүүгө өткөн болчу. Башка аймактардагы мектептерде билим берүүнүн форматы эпидемиологиялык абалга жараша чечилет.

Бул ирет окуучулар кышкы эс алууга 30-декабрда тарашат. Ал эми окуу процесси 2023-жылдын 11-январында башталат.