Кыргызстандагы облустардын, райондордун, шаарлардын жетекчилеринин арасында бир дагы айым жок. Тактап айтсак, 7 облусту, 32 шаарды жана 40 районду учурда жалаң мырзалар жетектеп жатат.
Бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлдү. Депутат Эльвира Сурабалдиеванын маалыматы боюнча, үнү угулбай жатканын, гендердик теңсиздикти айткан айымдардан ар кандай кайрылуулар түшүп жатат.
Жыйында көтөрүлгөн дагы бир маселе — мамлекеттик диний мекемеде 3 айым жумуштан бошотулуп, алардын ордуна мырзалар келгени тууралуу айтылды.
Учурда Кыргызстанда президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана райондук администрациялардын жетекчилери — акимдер президент тарабынан дайындалат.