Кыргызстанда атомдук станция пайда болот

AkiTv
Скачать
Просмотров: 58
 
Опубликовано 23 Ноября 2022, 16:56

Кыргызстандын аймагында атомдук станция пайда болот, деп билдирди Эгергетика министрлиги.

Чакан кубаттуулуктагы атомдук станцияны куруунун техникалык-экономикалык документтерин  даярдоо үчүн макулдашууга да кол коюлду. Тактап айтсак, Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Россиянын «Русатом» акционердик коому кызматташат.


Бул маселе Сочи шаарында өткөн эл аралык форумдун алкагында каралган. Форумда министр Таалайбек Ибраев: "Атомдук энергетика биздин өндүрүштү ача турган маанилүү каражат", - деп белгиледи.

Буга чейин министрлик Борбор Азия өлкөлөрүндөгү электр энергиясына болгон таңкыстыктан качуу үчүн электр энергиясын алуунун башка жолдорун табуунун маанилүүлүгүн белгилеген болчу.