Туруктагы туруксуздук. Карааны көрүнбөгөн көмүр

turmush
Скачать
Просмотров: 1123
 
Опубликовано 21 Ноября 2022, 22:35

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы "Турук" көмүр кенинде жардыруу иши орун алды. Бирок, жардыруу чала болуп калгандыгы маалым болду.

Маалым болгондой, учурда Ак-Талаанын жергиликтүү жашоочулары көмүр отуну менен толук камсыз боло элек. Ага "Турук" көмүр кениндеги көмүр казуу иштери кеч башталгандыгы жана Соң-Көл чөлкөмүнө кар оор жаап салгандыгынан улам Жакаштын-Бели жана Молдо-Ашуунун бели жабылып калгандыгы себеп болууда. Көмүр боюнча Turmush.kg басылмасынын аймактык кабарчысы район акими Жумадилла Жапаров жана анын биринчи орун басары Улан Жылтыров менен жолугушуп, маектешти.

Маектешүүнүн жүрүшүндө акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров "Турук" көмүр кенинде жардыруу иштери жүргөндүгүн айтты.

"Буга чейин Турукта тазалоо жана көмүр казуу иштери жүрүп жаткан. Бир айдан бери "мына жардырабыз, ана жардырабыз" деген сөздөр айтылып келген. Жардырууну жүргүзүүнү ички иштер министрлигинин руксаты менен ишке ашырылат экен. Акимдин кийлигишүүсү менен 18-ноябрь күнү руксат берилип, кечээ 21-ноябрь күнү жардырышты. Муну тазалап, дагы бир жардырабыз деген имиштер болуп жатат. Учурда, жергиликтүү тургундардын болжолдуу түрдө 39-40 пайызы көмүр отуну менен камсыз болду. Ал эми Кара-Кече көмүр кенинен буга чейин көмүр тартылып жаткан. Соң-Көл чөлкөмүнө кар оор жаап салгандыгынан улам ашуулар жабылып, көмүр тартуу иши токтоду. Албетте, Турук көмүр кенинен көмүр берилип баштарына үмүтүбүз бар. "Турук" көмүр кенинен көмүр казып жаткан ишканалар жардыруу иштерине эле 9 миллион сом каражат, буга чейин тазалоо иштерине дагы нечендеген каражаттарды сарпташкандыгын айтышууда. Мен быйыл 15-16 жолу барып келдим. Алар "биз деле 4 миң метр бийиктикте үшүп-шишип бекер жүргөн жокпуз. Көмүрдү чыгарып, кимге болсо дагы сатат элек" деп айтышууда. Өткөндө "Турук" көмүр кенинен 750 тонна көмүр алынып келинген. Андан бери, күн сайын болбосо дагы күн алыс 1-2 ден унаа көмүр алып келип жатышты", - деди Улан Жылтыров.

Сүйлөшүү учурунда"Турук" көмүр кенинен көмүр казып жаткан ишканалардын биринин өкүлү Камбар аттуу жигит район акими Жумадилла Жапаров менен телефон аркылуу байланышып, ал жардыруу иши чала болуп калгандыгын, экинчи жардыруу ишине даярдык көрүп жатышкандыгын кабарлады. Ошондой эле, карьердин астына 500 тоннадан ашык көмүрдүн кору бар экендигин, 4-5 күндүн аралыгында ал жерди тазалап Ат-Башы жана Ак-Талаа районуна берерин билдирди.