Ак-Талаада элдик марафондон 2 млн сомдон ашык каражат топтолду

turmush
Скачать
Просмотров: 515
 
Опубликовано 25 Октября 2022, 15:13

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айылында Ак-Тилек айылын түптөө максатында элдик марафон өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ 24-октябрь күнү аталган айылда Ак-Тилек айылын түптөө максатында бир катар социалдык объектилерди куруу үчүн элдик марафон уюштурулуп, марафонго жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, жаштар, айыл тургундары жана ишкерлер катышты. Анткени, эл аралык фонддордун бири тарабынан жаңы түптөлө турчу Ак-Тилек айылына бир катар социалдык объектилерди куруу максатында 30 млн сом каражат каралган. Фонддун талаптарына ылайык өздүк салым катары 5 млн сом зарыл.

Элдин марафондун комиссиясынын төрагасы Аскар Жунусовдун айтымында, марафондун жүрүшүндө кечээ урнага 878 миң сом салынса, айлык, пенсия жана жөлөк пулга жаздыргандар 399 миң сомду түздү. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 950 миң сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, 6 баш тай, 3 баш кой, 32 баш козу жана 2 баш улак топтолду. Болжолдуу 2 млн 227 миң сом чогулгандыгы маалым болду.