Ак-Талаалык фермер Н.Кашкарбаев суука чыдамдуу койлорду багып келет

turmush
Скачать
Просмотров: 2635
 
Опубликовано 13 Октября 2022, 15:40

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын фермери Нарынбек Кашкарбаев суукка чыдамдуу койлорду багып келет. Анын чарбасы менен аймактык кабарчы таанышты.

Фермер Нарынбек Кашкарбаев союз тараганда үлүшкө тийген койлордун тукумун жоготпой багып келе жаткандыгын айтты.

"Союз тарагандан бери Күйгөн-Өтөк чөлкөмүндө үй-бүлөм менен бирге кой багып келе жатам. Бул союз учурунда багылып келген "Тянь-Шань" түркүмүндөгү же тактап айтканда жарым уяң жүндүү койлор десек болот. Союз тарап, дыйкан чарбага өткөндө үлүшкө тийген эле. Үлүшкө тийген койлордун тукумун жоготуп албай асырап келе жатабыз. Учурда 420 баштан ашык коюбуз бар. "Тянь-Шань" койлорунун артыкчылыгы бийик тоолорго багууга ыңгайлуу, жүндүү. Ошондой эле, башка түркүмдөгү койлорго караганда бат эттенет. Мисалы, куйруктуу койлор алгач майын куйругуна, андан соң кабыргасына байлай турган болсо, ал эми "Тянь-Шань" койлору дароо эле кабыргасына байлап баштайт. Суукка чыдамдуу, жоош болушат. Союз учурунда жүнү баалуу болчу. Бир койдон 3 килограммга чейин жүн алчу элек. Азыркы учурда жүнү баа болбой жаткандыгы чоң көйгөй жаратып жатат. Үлүшкө тийген 2 гектар жерибиз бар. 2 гектардан аянттан ашып кетсе 400 гө чукул таңгак чөп түшөт. Кыш мезгилинде 2 миң таңгакка чукул чөп жейт. Калган тоютту сатып алууга туура келет. Башкалар "Гиссар", "Арашан" сыяктуу койлорго өтүп жатышат. Биз болсо бир күнү болбосо дагы бир күнү бул ак койлордун багы ачылабы деген үмүт менен багып келебиз. Учурда уулум жогорку окуу жайда окуп жатат. Кой чарбасы уулума өткөрүп берейин деп жатам", - деди Н.Кашкарбаев.

Ал эми фермер Н.Кашкарбаевдин уулу Камчыбек Иманкулов заманбап сарай салып, кой фермасын өркүндөтүүнү максат кылууда.

"Төрөлгөндөн бери эле мал багып, малдын артынан келе жатабыз. Малды деле барктап, өзүнө жакын көрүп багыш керек. Азыркы учурда өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө, анын ичинде Нарын облусунда мал чарбасы пайда алып берип жатпайбы. Ошондуктан, асыл-тукум мал чарбасын мындан ары дагы өркүндөтүүнү максат кылып жатам. Ал үчүн заманбап үлгүдө мал сарайын салуу жана башка заманбап технологиялар менен мал асыроону максат кылуудамын", - деди К.Иманкулов.

Ал эми иниси Таалайбек Кашкарбаев мал элдин дээрлик көпчүлүгүнүн керектөөсүнө зор пайда алып келе жаткандыгын айтты.

"Малды эмне үчүн багабыз? Ошол керегибизге жараталы, муктаждыктарга пайдаланалы деп багабыз да. Нарын жергесинде дээрлик элдин көпчүлүгүн мал эле жан сакталып келе жатпайбы. Ошол үчүн малга дагы жакшылап маани берип, убагында дарылатып, жакшы асыраш керек деп эсептейм. Койду кайтарат десе жайытка айдап чыгарып койбой, жайыт которуштуруп жайып, ит-кушка алдырбаш үчүн жанынан чыкпайт кайтаруу зарыл", - деди ал.