Тобурчактан кантип карагай өстүрсө болот?

turmush
Скачать
Просмотров: 911
 
Опубликовано 10 Октября 2022, 16:42

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда тобурчак бышып, жерге түшүп жаткан мезгили. Тобурчактын уругунан кантип карагай өстүрөрүн аймактык кабарчы сураштырып чыкты.

Ак-Талаа райондук токой чарбасынын токойлорду өстүрүү инженери Бообек Белеков тобурчактан карагай өстүрүү сырларын айтты.

"Токойчулар алдын ала байкоо жүргүзөбүз. Тобурчак бышканда өңү кара күрөң тартып калат. Бышкан тобурчактарды терип алабыз. Бардык эле карагайлардан тербейбиз. Жакшы өскөн, жетилген карагайлардан гана терип алабыз. Терип алган тобурчактарды атайын күн тийбеген, бирок жылуу жерге жаябыз. Тобурчак кургап, "шишкалар" деп коёбуз. Ошол шишкалары ачылганда, кол менен ушалап, уруктарын алабыз. Өңү кара күрөң болгон, канатчалары бар уруктар болот. Уруктарды тазалап, анализге жиберебиз. Анан 1-класс, 2-класс жана 3-класс деп аныктамасын беришет. Эгер, 3-класстагы уруктар болсо өзүнүн нормасына көп себебиз. Уруктарды себүүнүн өзүнүн мезгили болот. Май айынын биринчи он күндүгүндө себебиз. Эгер, күн суугурак болсо, анда экинчи 10 күндүгүндө себебиз дегендей. Урукту себердин астында даярдаш керек. Кантип? Биринчи, урукту жылуу сууга 24 сааттан 36 саатка чейин чылап коёбуз. Анткени, сапаттуу уруктар суунун түбүнө чөгүп кетет дагы, ал эми сапатсыз урук суунун үстүнө калкып чыгып калат. Андан соң, 2 саатка чейин марганцовка​ менен курт-кумурскалар жолобогудай, оорубаш үчүн дарылайбыз. Марганцовкадан алып чыгып, кургатып туруп, кара топурак жерге жөөк салып, анан себебиз. Себилгенден кийин, кайра үстүнөн марганцовка чачабыз. Андан кийин, нымдуулукту жакшы кармап туруусу кадимки жыгачтын таарындысын (апилка) топуракка кошуп көмөбүз. Өсүп чыкканча лейка идиши менен сугарып, күнгө күйүп кетпеш үчүн калкан менен тосуп коёбуз. Кадимкидей эле өтөө чөптөрүн жулабыз. Уруктан өсүп чыккан карагайдын көчөтүн 5 жылдан кийин гана башка жакка көчүрүп, отургузууга болот", - деди Бообек Белеков.

Ал эми аталган токой чарбанын башкы токойчусу Алтынбек Ажиев тобурчак чогултуп, уругун алуу үчүн атайын план берилерин белгиледи.

"2015-жылдарга карапайым эл карагайды кантип өстүрөрүн билишпей эле карагайлардын көчөттөрүн казып кетишип, же өстүрө алышпай, натыйжада карагайлуу токойлор бүлгүнгө учурап келген. Карагайларды өстүрүү - бул наристени багуу менен барабар. Уругун чогултуудан тарта көчөтү 1 метрге жеткенге чейин канчалаган түйшүктөр кетет. Тобурчактын терүү иштери сентябрь жана август айларына туура келет. Ошол кезде уругу бышат. Кандай тобурчактарды терип алабыз? Узундугу 18-22 сантиметрге чейинки тобурчактарды терип алабыз. Бул тобурчактардан түшкөн уругу дандуу, сапаттуу болот. Тобурчактардан уруктарын алгандан кийин, аны 3 жылга чейин сактайбыз. Уруктарын айнек бөтөлкөгө салып, кургак жерге сакташ керек. Бизге жылына соснадан, ийне жалбырактуу карагайдан, Тянь-Шань карагайынан мынча килограмм урук даярдоо боюнча план берилет. Быйылкы жылга 10 килограмм урук чогултууга план берилген. Учурда, тобурчак чогултулган. Жакында уруктарын ала баштайбыз. Карагайлар жылда эле тобурчак байлай бербейт. Байлаган жылдары байкоо жүргүзүп, көбүрөөк терип алууга аракет кылабыз. 3 жыл сактап, уругунан өстүрөбүз. Мисалы, 70-80 килограмм тобурчактан ашып кетсе 1 килограммдай гана урук ала алабыз. Аны сээп койсок эле өсө бербейт да. Аны карап, сугарып, отоп туруш керек. Урук себилгенден кийин 1 жума же 10 күн аралыгында өсүп чыгат. 1 квадрат метр жерге себилген урукка 10-12 литр гана суу куюлат. Суу дагы муздак же өтө ысык дагы болбошу шарт. Сугара турчу суунун дагы температурасы бар. Шабыр жана Сары-Иймек өрөөнүндө уруктан карагайларды өстүрө турган бакчабыз бар", - деди башкы токойчу.

Баетов айылынын тургуну Жайлообай Абдиев тобурчак менен чанач, сабаларды ыштарын айтты.

"Тобурчактын көп пайдасы бар. Илгери, кадимки кымыз куйган чанач, сабаларды тобурчак менен ыштап келишкен. Тобурчакка ышталган кымызды ичсең абдан даамдуу болот. Ошондой эле, тобурчакты күйүп кетпегидей кылып суулап, анан күйгүзүп, түтүнү менен үй аластап келишет. Жыты абдан сонун", - деди Ж.Абдиев.