Тоголок Молдо айылынын тургуну бала бакча маселесин көтөрүп чыкты

turmush
Скачать
Просмотров: 541
 
Опубликовано 22 Сентября 2022, 15:46

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылынын тургуну Бактыбек Саргожоев мыйзамсыз сатылып кеткен бала бакчанын имараты тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушевге даттанды.

Тоголок Молдо айылынын тургуну Бактыбек Саргожоев; "2012-жылы бала бакча боюнча прокуратурадан сунуш келип түштү эле да. Тоголок Молдо, Кош-Дөбө жана Ак-Кыя айылындагы бала бакчалар мыйзамсыз сатылып кеткен, кайра каралсын деген. Ушуну менен 10 жыл соттоштук. 2012-жыл башталган иш азыр дагы суракта суралып жатат. Ушул жерде госрегистр турат. Госрегистр 2013-жылдан баштап ушуга чейин 4 мамлекеттик акт берди. Болгону 2 документ бар. 277-токтом жокко чыгып, мамлекеттик акт жокко чыгып кеткен. Кайра мамлекеттик акт жасалган. Текшере келсек "өлгөн кишиге" шылтап жатышат. Кудайды бир карайлы. Эгерде, сокур кишиге да көрсөтсө кимдин колу менен жасалган, ким жасаганы көрүнүп калат", - деди ал.

Диалог иретинде:

Башкы прокурор Курманкул Зулушев; - Госрегистр жооп бериңизчи. Сиз угуп туруңуз. Чыкпай туруңуз азыр.

Ак-Талаа райондук "Кадастр" мекемесинин жетекчиси Талант Насырынбеков; - Саламатсыздар урматтуу жыйындын катышуучулары, урматтуу президиум. Бул боюнча Тоголок Молдо айыл өкмөтүндө Санамбай Боронбаев деген адам жашап жаткан үйдүн сот аркылуу токтому жокко чыккан. Кийин, облустук сот аркылуу Санамбай Боронбаевге ал турак-жай чечилип берилген.

Курманкул Зулушев; - Өлгөн адамга жазган жоксузбу?

Талант Насырынбеков; - Өлгөн адамга жазбайбыз биз. Биздики мыйзамдуу.

Курманкул Зулушев; - Арызды алгылачы. Мыйзамдуу жагын текшерели.