Авторизуйтесь, чтобы посмотреть свой канал.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Гүлзина Бактыбаева 2016-жылы кыш мезгилинде жайлоодо каза болгон уулунун табышмактуу өлүмү тууралуу Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Курманкул Зулушевге даттанды.
Баетов айылынын тургуну Гүлзина Бактыбаева: "Менин көйгөйүм, 2016-жылы декабрь айында уулум каза болуп калган. Милиция органдарынан 2 барып үйдөн "НИВАга" салып алып кетти. Анан "муну эмне алып баратасыңар" десем эле, "жумуш бар" деп койду да. Ошол боюнча баламды 10 күн көргөн жокмун. Акырында, 13 күндөн кийин "өлдү" деген кабар келди. Бул бала бармактай-тырмактай кезинде эле тоодо өскөн бала эле. Бул жакта аксакалдар билет. Жетим бала болчу. Анан, акырында "тоодо тоңуп өлдү" кылып чыгарып коюшту да. Бул К.Э аттуу жигит Терек айылына алып барып, "мал алып келгиле" деп тоого жибериптир. Декабрь айында тоодо каяктагы мал?. Мына быйыл 5 жыл болду. Ушул 5 жылдан бери арыз жазып кирсем, орган тараптан такыр каралган жок. Бул баланын (К.Э) ага-туугандары бүт орган тараптан иштейт. Сотто дагы иниси иштейт. Сотко кайрылсам, соттогу документтери бүт жоголуп кетти. Нарындыкына кайрылсам, Нарындыкынан дагы жоголуп кетти. Ушуну тактап, чечип берсеңиз деп келдим эле", - деди ал.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев: "Эже, бери келиңиз. 2016-жылкы окуя экен. Толук маалымат жок. Түшүндүрүңүз, бүт карайлы. Жанагы, "тууганы сотто иштейт, аякта иштейт, биякта иштейт" дегениңиз, ал негиз эмес. Сиз айткан жүйөөлөр далилденсе, мыйзам чегинде карап беребиз", - деди ал.